Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев билдирүү жасады

926

Кошуна өлкөнүн премьер-министри Бакытжан Сагинтаев билдирүү жасап, Кыргызстан ЕАЭБ талаптарын аткарбай жаткандыгын айтты. «Бажы органдары кыргызстандык соодагерлердин Кытайдан Казакстан аркылуу транзит менен алып өтүүчү товарлары туура эмес декларацияланганын аныкташууда. Мындан Казакстандын экономикасы чыгымга учурап жатат.

Бул маселени кыргыз тарап да моюнуна алды, премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын ЕАЭБ алдындагы милдеттенмелерин так аткарууга жана биримдиктин экономикалык кызыкчылыктарын сактоого байланышкан бул маселени чечүүгө кепилдик берди» деди Бакытжан Сагинтаев.

Эскерте кетсек, кечээ Кыргызстандын демилгеси менен Астанада эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу болгон.