Казакстандын текшерүүсүнөн тажаган кыргызстандык айдоочулар (видео)

6783

Кошумча текшерүүдөн чарчаган айдоочулар жана чыгымга учураган ишкерлер. Ак-Тилек көзөмөл өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын кезеги көбөйдү. Буга Казакстандын фураларды рентгенден өткөрө турган жабдыгы иштебей калып, чек арачыларынын айдоочулардан “технологиялык өтмөк” талап кылганы негиз болууда.

Ошондой эле, Кордайдын Барыс токтотуучу жайында кыргызстандык 50-60тай айдоочу ары же бери кете албай турганы да маалымдалды. Бул боюнча Кыргызстандын экономика министрлигинен түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.