Казакстандын жараны: “Кыргызстандыктарга ыракмат” (видео)

1360

Кыргыз-казак чек арасындагы 5 өткөрмө жайда бир катар чектөөлөр киргизилди. Алар Ак-Тилек-Карасу, Чалдыбар-Сыпатай батыр, Ак-Жол-Кордай, Чоң-Капка-Айша биби, Каркыра-Кеген. Тактап айтканда, эки өлкөнүн жарандары өз мамлекеттерине кире алышат. Ал эми Кыргызстандын жарандары Казакстанга, Казакстандын жарандары Кыргызстанга өтө алышпайт.

Учурда үчүнчү өлкөдөн учак менен келген коңшу мамлекеттин жарандары Ак-Жол өткөрмө жайы аркылуу чыгышууда. Алар Казакстандагы жакындары менен бир жумадан бери байланыша албай, өз өлкөсү үчүн кабатыр болуп жатканын айтышты.