Казакстанга «Чоң-Капка» аркылуу өтүү да кыйындады

1055

Таласта кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекетинде кыргызстандык жарандардын жана унаалардын казак тарапка өтүүсү кыйын болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Талас шаарынын тургуну Бурулкан Бейшеналиева кабарлады. «Чоң-Капкага» шейшемби күнү эртең менен саат 9да барып, түштөн кийинки саат 2ге чейин отуруп, өтө албай кайра келе бердик», деди ал.

Кыргызстан Казакстан менен чек арасын күзөтүүдө күчөтүлгөн тартипке өткөнүн бүгүн Мамлекеттик Чек ара кызматы кабарлады. Ага чейин казак чек арачылары транспорттун жана адамдардын өтүүсүн күчөтүлгөн тартипте текшере баштап, мунун айынан өткөрмө бекеттерде адамдар жана автомашиналар топтолуп калган. Мындай көрүнүш азыр да уланууда.

“Кордай” өткөрмө бекетинде текшерүү күчөп жатканын, 10-октябрдын түнү чек арада узун кезек пайда болгонун, эл бир нече сааттап жөө жана машине менен чек арадан өтө албай турганын ал жактагы күбөлөр социалдык тармактарда маалымдашкан.