Казакстанга өтүү үч чек ара бекетинде кыйындады (видео)

906

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, учурда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы үч өткөрмө пунктунда: Таластагы “Чоң-Капка” жана Чүй областындагы «Ак-Жол» менен «Ак-Тилек» көзөмөл бекеттеринен өтүү кыйындады. Коңшу өлкө тарабынан киргизилген өзгөчө текшерүүдөн улам, учурда Ак-Тилек пунктунда жүк ташыган жүздөгөн машиналар кезек күтүп турушат. Алардын көбү бат бузулуучу азыктарды жүктөп бараткандар. Эгер чек арадагы абал тезинен жөнгө салынбаса, ишкерлердин чыгымы миллиондоп саналышы мүмкүн.