«Казан Мангал»: Бишкекте эң мыкты ашпозчулар аныкталды (видео)

748

Бишкекте ашпозчулардын эң мыктысын аныктоо максатында «Казан Мангал» эл аралык фестивалы болуп өттү. Бул иш-чарага тамак жасоодо өз өнөрүн көрсөтүү үчүн Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандан болуп жалпысынан 200дөн ашуун ашпозчу катышты.

Үчүнчү жолу өтүп жаткан фестивалдын максаты ашпозчулук өнөрүн жайылтуу жана тамак даярдоонун өзүнчө өнөр экенин көрсөтүү. Таймашка кесипкөй ашпозчулар гана эмес, бул өнөрдү эми гана өздөштүрө баштаган студенттер жана жөн гана кызыккандар да катышышты.