Казань шаарында дүкөндү карактап кеткен кыргызстандык жаран кармалды

674

Бул тууралуу калаа милициясынан маалымдашты. 24-июлда полиция бөлүмүнө микрокаржылык уюмдун менеджери арыз менен кайрылган. Ал кеңсеге белгисиз адам кирип келип, коркутуп, кассадан 6 миң рубль алып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча «Каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Көп узабай, ушул эле шаардагы дүкөндөрдүн бирине келген кардар бычак менен коркутуп, кассадан 48 миң рубль акча уурдап кеткени белгилүү болгон. Күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен катар эле, видео көзөмөлдөгү жазуулардан кийин, кылмышты бир эле адам жасаганы аныкталган.

Укук коргоо органдары тарабынан кылмышка шектелип Кыргызстандын 33 жаштагы жараны үйүнөн кармалды. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Учурда «Каракчылык» беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.