Казарман – Актал-Чат унаа жолуна кар көчкү түштү

1061

Жалал-Абад областынын айрым унаа жолдоруна кар көчкү түшүп, тазалоо иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Казарман – Актал-Чат жолунун 93-чакырымына көлөмү 900 чарчы метрди түзгөн, ал эми 82-чакырымында 2 миң чарчы метрге жакын кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Ушундай эле көрүнүш, Чаткал районунун Красная-Горка – Акташ унаа жолунда да катталган. Адистердин айтымында, бул жараталыш көрүнүшүнөн адам өмүрүнө зыян келген жок жана жакынкы сааттарда трассаларды кардан толугу менен тазалоо иштери аягына чыгат.