Казиного акыркы акчасын кактырып жибергендер көбөйүүдө (видео)

668

Ош областында казиного 6,5 миллион сомдук үй-мүлкүн уттуруп жиберген адам өз өмүрүнө кол салды. Жакындарынын айтымында, ал киши мындай кадамга көп акча карыз болуп калган үчүн барган. Өткөн айда Ош шаарында тымызын иштетилип жаткан казино аныкталган. Аны кумарканага ири суммадагы каражатын уттуруп жиберген адамдын атасы ачыктаган.

Бул окуядан кийин тартип сактоо органдары, жергиликтүү бийлик текшерүүлөр башталганын кабарлаган. Бирок абал өзгөргөн жок. Казиного акыркы акчасын кактырып жибергендердин катары көбөйүүдө. Кумаркана иштеткендерге тиш өтпөйбү же аларды таасирлүү адамдар калкалайбы?