Казинолордун тагдырын эл чечет (видео)

1422

Ысык-Көл областынын аймагында казино ачууну демилгелеген депутаттар мыйзам долбоорун артка чакыртып албайбыз деп жатышат. Алар документ боюнча кеңири талкуу, парламенттик угууларды өткөрүп, сунуштардын баарын кабыл алууга даяр экенин айтышууда.

Ал эми мыйзам долбооруна каршы чыккан эл өкүлдөрү кумарканаларды жандантуу аракетинин артында финансылык кызыкчылыгы бар топтор турат деп шектенип жатышат. Белгилей кетсек, кечээ президент казинолордун ачылышына калың эл каршы чыкса, документке вето коюуга даяр экени кабарланган. Бул билдирүүдөн кийин депутаттардын пикирлери өзгөрдүбү?