Казыбек Бапышев 10-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды

120

Бишкекте 2 адамды зөөкүрчө сабады деп шектелип жаткан бир туугандардын агасы, мурдагы милиционер Казыбек Бапышев 10-ноябрга чейин абакта болот. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Биринчи май райондук соту Чүй областтык Ички иштер башкы башкармалыгынынын мурдагы ыкчам кызматкеринин бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Санкцияны судья Абдуразак Боромбаев карады.

28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп, чоң муштум ага-ини 2 адамды аёосуз сабап салышкан. Жабырлануучунун жакындары бул боюнча милицияга арыз менен кайрылып, бирок иш алдыга жылган эмес. Мындан улам алар милиция кызматкерлеринин аракетсиздигине чара көрүүнү өтүнүчү менен прокуратурага даттанышкан.

Көп узабай милициянын майору Казыбек Бапышев кызматынан бошотулуп, 4 тартип сакчыга карата кылмыш иши козголгон. Бул окуядан 3 күн өткөндөн кийин 2 адамды сабаган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитеков милицияга өздөрү келип, алар тергөө абагына киргизилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 

comments powered by HyperComments