Кечээтен бери Таласта абал тынч эмес

1071

Бүгүн областтын борбордук аянтында, ар кыл маалыматтар боюнча 500дөн 2 миңге чейин адам чогулду. Алардын бардыгы, кечээги президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы. Митингчилердин айрымдары Кыргызстандын мамлекеттик желегин көтөрүп алышкан.

Бүгүн түштө чогулгандар Таластын борбордук көчөлөрүн кыдырып, шаардын базарына барып, андагыларды митингге кошулууга чакырышты. Бирок бул жөө жүрүштөн кийин, базардагы соода түйүндөрү жабылып калды.

Өмүрбек Бабановдун штабынын өкүлдөрү бул акцияга эч кандай тиешеси жок экендиктерин расмий түрдө билдиришкен. Алар Таластын борбордук аянтына чогулгандарды тынчтыкка чакырышып, тарап кетүүсүн өтүнүштү.

Митингдин катышуучуларына Өмүрбек Бабанов өзү дагы жеке кайрылып, чагымга алдырбай, элди тарап кетүүгө чакырды.