Келерки жылы өкмөттүн түзүмүндө өзгөрүүлөр болобу? (видео)

838

Министрлер кабинети натыйжалуу иштеши үчүн кайсы мекемени жоюп жана кайсы тармактарга өзгөчө көңүл буруу керек? Бул суроо коомчулукта өзгөчө эксперттер чөйрөсүндө кызуу талкууланып жатат. Адистер өкмөт маанилүү деп эсептелген тармактарга көңүл буруп, ал эми пайдасы жок мекемелерди жоюуну сунуштап жатышат.

Алсак, энергетика, суу маселесин тескеген мекемелерди түзүп, ишине көпчүлүк нааразы болгон Айыл-чарба министрлигин жоюу керек деген пикирлер көп айтылууда. Өкмөттө узак жылдар бою иштеген адистер болсо, министрлер кабинетин оптималдаштыруу керектигин, бирок анын алдында тармактар боюнча так анализ жүргүзүү зарылдыгын айтып жатышат.