Келгенинен да кеткени бат Бишкек мэрлери (видео)

1579

Бишкек шаарынын жетекчилик кызматына дайындалган Эрмек Нургазиев боюнча нааразычылыктар күчөдү. А түгүл, «Нургазиев менин мэрим эмес» деген хештег менен флешмоб да башталып кетти. Алар буга чейин турак жай курулушундагы башаламандыктарда жана чырлуу видеодо аты аталып жүргөн адамдын калаа башчылыгына келүүсүнө нааразылыгын билдиришүүдө.

Анын мэрликке келиши президентке дагы жаккан жок. Мамлекет башчысы Эрмек Нургазиевдин кызматка коюлушун сындаган пикирин өзүнүн «Инстаграмдагы» баракчасына жазып чыкты.