Келинчегин рак илдетинен арылткысы келген темир уста (видео)

5840

Жубайынын өмүрүн сактап калыш үчүн буйрутмаларды күткөн темир уста. Бишкек шаарынын тургуну Акыл Асылбаев көкүрөк рак илдетинен жабыркаган аялынын операциясына коомчулуктан жардам күтөт.

Үй-бүлөгө материалдык колдоо көрсөтүүнү каалагандар дарбаза, селкинчек, отургуч оңдуу түрдүү буюмдарга буйрутма берсе болот. Устачылыктан түшкөн киреше азырынча үй-бүлөнүн күнүмдүк чыгымдарынан жана келинчегинин дарылануусунан артпайт экен.