Келишимдик негизде окуп жаткан студенттердин контракт акысын кайра карап чыгуу сунушталды

2423

Кыргызстанда мамлекеттик жогорку окуу жайларынын келишимдик негизде окуп жаткан студенттеринин контракт акысын кайра карап чыгуу сунушталды. Бул тууралуу Азатыкка Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, мындай сунуш студенттер коронавируска байланыштуу аралыктан окуу ыкмасына өткөндүктөн кайрылуулар түшүп жаткандыктан киргизилди.

Билим берүү жана илим министрлигине жиберилген жазуу түрүндөгү сунушта акы төлөнүүчү окутуу кызматтарынын түзүмүнө көңүл буруп, зарыл болсо чыныгы чыгымдарга жараша кайра эсептөө керек экендиги айтылды.

Илдеттин жайылышынын алдын алуу максатында 30-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланып, бардык окуу жайлары убактылуу жабылган. Окуучулар жана студенттер 8-апрелден бери дистанттык негизде окуп жатышат. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 3-апрелде ата-энеси ушул күндөрү акча жагынан кыйналып жаткан же ден соолугунан кыйынчылык жаралып, төлөй албаган студенттердин маселесин караш үчүн ар бир окуу жайында комиссия түзүлгөнүн айткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.