Кемин: кен иштеткен фабрикадагы кырсыктын себептери иликтенүүдө

663

Кеминдеги кен иштеткен фабриканын химиялык калдыктар өткөн түтүгүнүн жарылуу себептерин иликтөө боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу экотехинспекциядан кабарлашты. Адистерден турган топ кырсык болгон жерге барып, кырдаал менен таанышып келди.

Мурдагы күнү Ак-Түз айылындагы алтын кошулмаларын чайкаган фабриканын түтүгү жарылып, андагы химиялык суюктук жолду каптап жана Кичи-Кемин суусуна куюлган. Мамлекеттик органдар аймактагы радиациялык фон өз деңгээлинде экенин, элдин саламаттыгына коркунуч жаралган жок, деп билдирүүдө.