Кемин районунда үгүт иштерине окуучулар тартылып жатат

743

Мектеп окуучуларын жайына койгула! Бүгүн Кемин районунун Чым-Коргон айылынын тургундары НТС телеканалынын редакциясына кайрылып, жергиликтүү бийлик каалаганын жасап, үгүт иштерине окуучулар тартылып жатканын билдиришти.

Айтымдарында, КСДПнын талапкеринин жергиликтүү эл менен жолугушуусу үчүн Чым-Коргон айылындагы мектептеги сабактар кыскартылып, окуучулар кичи автобустар менен Кемин районунун борборуна ташылган. Бул көрүнүштү жергиликтүү тургундар видеого тартып алышкан.

Мектептеги балдары башка жакка ташылып жатканы алардын ата-энелери билген эмес. Буга алар абдан нааразы. Жашы жете элек өспүрүмдөрдү 20 чакырым жерге эч бир коопсуздук чараларын сактабастан алып кетишкени үчүн бул ишти жасагандар жоопкерчиликке тартылышы керек, дешет ата-энелер.