Кеминде 14 жаштагы кызды өлтүргөн адам кармалды (видео)

1584

Чүй областында 14 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн адамдын абактан чыкканына бир жума болгон. Кылмышка шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон. Үрөйдү учурган окуя 2 күн мурда Кемин районунда катталган.

Тергөөнүн алдын-ала жыйынтыктары боюнча, окуучу кызды өлтүрүүгө шектелип жаткан адам мас абалында болгон. Ал көчөдө бара жаткан өспүрүмдү зордуктоо максатында күч менен ээн калган имаратка алып кирген. 14 жаштагы кыз ага каршылык көрсөткөндө, аны катуу сабап салгандыктан, ал кыз каза болуп калган. Окуучунун сөөгү жерге берилди.