Кен иштеткен казакстандык компаниянын лицензиясы кайра калыбына келтирилди

845

Ала-Бука районундагы Бозумчак кенин иштетип жаткан казакстандык компаниянын лицензиясы алгач үч айга токтотулуп, бирок бүгүн кайра калыбына келтирилди. Мындай чечим өкмөт тарабынан кабыл алынды. Жер казынасын пайдалануу комитетинен кабарлашкандай, лицензияны токтотууга компания тарабынан жол берилген бир катар эреже бузуулар себеп болгон.

Мамэкотехинспекция текшерүү жүргүзгөндө бир катар фактылар аныкталган. Аларды жоюуга убакыт берилгенине карабай, компания милдеттемени аткарган эмес. Мындан улам, «Каз Минералс» ишканасынын жумушу 3 айга токтотулган. Ал арада, компания кемчиликтерди жоюуп, айып пул төлөгөн соң бүгүн комиссиянын чечими менен лицензия кайра жандандырылды.

Бул ишкана кенди 2014-жылдан бери каза баштаган. Маалыматтарга караганда, Бозумчакта 7000 тоннадай жез, бир тоннадан ашыгыраак алтын өндүрүлгөн.