Кен иштетүү интригага айланды (видео)

1239

Кен байлыктарын иштетүүдө эмнеге инвесторлор менен жергиликтүү эл тил табыша албайт? Акыркы убакта өлкөнүн айрым областарында кенге байланыштуу чыр чатактар токтобой келет. Алсак, бир айдан бери Ала-Бука районундагы Иштамберди кени, Тогуз-Торо, Кемин райондорундагы алтын чайкаган заводдордун тегерегинде ар кандай окуялар болууда. Жергиликтүү эл инвесторлорго ишенбей, каршы чыгып келишет. Мындан улам, бүгүнтөн тарта жер казынасын пайдалануу комитети аймактарды кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өнөктүгүн баштады. Ал эми эксперттердин айтымында, кен байлыктарын казуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл.