Кен иштетүү тармагындагы жаңжалды тутанткандар кимдер? (видео)

672

Кен иштетүү тармагындагы чыр-чатактар өлкө экономикасына жана инвестициялык климатка кедергисин тийгизип келет. Өлкөдө тоо-кен тармагында 2,5 миң лицензия берилсе, анын бир нечеси ар кандай келишпестиктер менен коштолгон. Сурамжылоого катышкандардын 61 пайызы экологиялык кесепеттер үчүн кооптоноорун билдиришкен. Ал эми экинчи орунда жумушсуздук жана социалдык маселелерди чечүү талабы турат.

Ошондой эле, инвесторлор менен түзүлгөн келишим ачык-айкын жүргүзүлбөгөнү ар кандай түшүнбөстүктөрдү жаратып келет. Андыктан мындай чыр-чатактарды болтурбоо үчүн, өлкөдөгү тийешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, келишимдерди мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн түзүү зарылдыгы айтылууда.