Кендер кимдердин колуна өтүп кетүүдө? (видео)

631

Жер казынасын иштетүүдө кендерди сатып алган компаниялардын аткара турган ишин жана милдеттерин өкмөт так аныктап бериши керек. Бул тууралуу депутаттар Жогорку Кеңеште «Жер казынасы тууралуу» мыйзам долбоору талкууланып жатканда билдиришти. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, айрым инвесторлор кенди сатып алганына көп жыл болсо да, ишти баштабай жүрүшөт. Кээ бирлери лицензияны алгандан кийин, аны экинчи колдорго сатуу аракетин көрүп жатат, дейт депутаттар.