Кендин сыртка ташылышына кимдер кызыкдар? (видео)

630

Кенге байланыштуу кайрадан жаңжал. Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургундары менен түркиялык инвесторлор бир пикирге келе албай, чатак чыкты. Анын кесепетинен аймакта алтын чайкоочу фабриканын курулушу башталбай жатат. Терек-Сай айылынын тургундары кайрадан митингге чыгышты.

Ал арада, өлкөдө алтын чайкаган фабриканын жоктугунан руда менен концентраттар сыртка ташылууда. Буга мыйзам менен тыюу салуу демилгеси дагы ара жолдо калды. Мамлекет тышка ташылып жаткан тоо тектерди көзөмөлгө ала албай жаткан маалда, руданы тымызын Кытайга экспорттоп жаткан компаниялар аныктала баштады.