Керебетте орун табылбай, полго жаткырылган бөбөктөр (видео)

791

Бала бакча тартыштыгы дагы курч бойдон калууда. Аны интернетте тараган тасма дагы бир жолу далилдеди. Бишкектеги №1 бала бакчасында бөбөктөр керебетке узун-туурасынан тыгылып жаткырылып, батпагандары полдо уктап жатканы тартылган видео жарыяланды. Буга мекеменин жетекчиси тарбиячыны күнөөлөдү.

Учурда бул окуя боюнча Билим беруу министрлигинде териштирүүлөр башталды. Бала бакчанын директору болсо, орун тартыш деп алакан жаят. 145 балага ылайыкташылган мекемеде азыр 331 бөбөк тарбияланууда. Өлкө боюнча азыр 2 миңге жакын бала бакча жетишпейт.