Керме-Тоонун этегинде жашагандарга коркунуч жаралууда (видео)

671

Ош шаарындагы Керме-Тоонун бир капталынан жарака кетип, анын этегинде жашагандарга коркунуч жаралууда. Буга чейин жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен шаар мэри ал жерге барып, тоонун бир жагынан жарака кеткенин өз көзү менен көрүп кеткен. Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери ал жерде изилдөө жүргүзүшүп, кырсыктын алдын алуу чараларын көрүшүүдө.

Бирок тоо тектерин көчүрүү үчүн турак-жайлар кеминде 500 метр алыстыкта жайгашышы керек экен. Бирок тоого эң жакын үй 20 метр гана алыстыкта турат. Кооптуу аймакта 150гө жакын үй-бүлө жашайт.