Кесиптешинин кылмышын жашырган милиция жазаланат (видео)

681

Кесиптешинин кылмышын жашырган тартип сакчылары жазаланат. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөлөрү билдиришти. Башкы прокуратура бир нече милиция кызматкерине кылмыш ишин козгогон. Алар тартип сакчысы эс алуучу жайдын кардарына ок чыгаргандыгы тууралуу маалыматты жашырып коюшкан, деп шектелүүдө.

Эске салсак, окуя 12-сентябрда болуп, анда Бишкектеги кафелердин биринде милиционер бир адамды бутка атып салганы кабарланган. Бул боюнча тиешелүү иш прокуратурага өткөрүлгөн. Аэ ми кечээ белгилүү болгондой, окуя болгон жерге барган милициянын ыкчам иликтөө тобу кылмыштын изин жашырып койгон.