Кесиптик кошуундар эл өкүлдөрүнө нааразы (видео)

4940

Кесиптик кошуундар тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү кабыл алуу менен Кыргызстан мүчө болгон эл аралык эмгек келишимдеринин шарттары бузулат. Бул тууралуу Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү атайын маалымат жыйынын жүрүшүндө билдирип чыгышты. Айтымдарында, үчүнчү окууда каралганы жаткан мыйзам долбоору көз каранды эмес эмгек кошуундарынын өз алдынча иш алып баруусун чектейт.

Мындай аракеттер бир эле уюмдун монополиясына алып келет деген кооптонуулар да бар. Анын үстүнө документ калктын калын катмарына тааныштырылбай эле, эки окуудан өтүп кеткен, дешет алар.