Кесиптик кошуундар федерациясы тынчыдыбы? (видео)

1183

Акыркы убакта митингдердин ордосуна айланган кесиптик кошуундар федерациясында абал тынч. Бирок эки тараптын тирешүүсүнө чекит коюла элек. Кээ бирлери дагы деле төрага Мирбек Асанакуновдун отставкага кетишин талап кылышууда.

Айрымдары муну кесиптик кошуундар федерациясын реформалоого жасалган тоскоолдук катары баалап жатышат. Баш аягы 3 жылга созулган эки тараптын тирешин сот дагы кароодон баш тарткан. Жыйынтыгында, 5-февралда федерациянын кеңеши кезексиз жыйын өткөрүп, Мирбек Асанакуновду төрагалыктан алган болчу. Бирок ал өзү кызматтан кетүүдөн баш тартып, иш бөлмөсүн бошотпой келет.