Кесиптик кошуундар федерациясында тирешүү уланууда (видео)

3782

Ызы-чуусу бүтпөгөн кесиптик кошуундар федерациясындагы кезектеги тирешүү бир нече адамдын жаракат алуусу менен аяктады. Бул жолкусунда өзүн мекеменин мыйзамдуу төрагасы деп эсептеген Мирбек Асанакунов кызмат ордун күч менен кайтарууга аракет кылган.

Окуянын жүрүшүндө эки тарап бири-бирине муштум шилтеп, арасында жабыркагандар катталса, айрымдарына каршы электрошокер да колдонулган. Асанакунов болсо, мунун баары федерация кеңешинин мүчөлөрүнүн айынан болуп жатат дейт. Айтымында, алар өздөрүнүн былык иштеринин коомчулукка ачыкталып кетишин каалабай жатат.