Кесиптик кошуундар федерациясындагы тиреш уланууда (видео)

519

Кесиптик кошуундар федерациясындагы эки тараптуу тиреш уланууда. Аталган мекеменин жетекчилиги федерациянын төрагасы Мирбек Асанакунов кызматынан алынбаганын билдирип чыгышты. Айтымдарында, ал ооруканада дарыланууда.

Аталган федерациянын кеңешинин жыйыны өтүп, анда Асанакуновду кызматынан алуу чечимин кабыл алышкан болчу. Ага кеңештин 29 мүчөсүнүн 19 катышып, бир добуштан колдошкон. Экинчи тарап болсо, ал чечим мыйзамсыз экенин, себеби кворум болбогонун билдиришүүдө.