Кесиптик окуу жайлар мыкты адистерди даярдай албай жатат (видео)

2309

Кыргызстандагы кесиптик-техникалык окуу жайлардын, жогорку деңгээлдеги адистерди даярдап чыгарууга чамасы жетпей жатат. Бул боюнча жумуш берүүчүлөр өз нааразычылыктарын өлкөнүн кесиптик кошуундарына билдирип келишет. Себеби жумушка жаңы орношкон жаш адистер иштин көзүн таппай, практикалык негизде өз кесибине кайрадан үйрөнүшөт.

Маселени чечүү үчүн Эл аралык эмгек уюму кесиптик-техникалык окуу жайларында билим берүү системасынын жаңы 5 жылдык планын иштеп чыкты. Ага эл аралык тажрыйбада колдонулган программалар камтылып мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан жана ата-энеси жок балдардын дагы билим алуу мүмкүнчүлүгү каралган.