Кезек күткөн айдоочулардын 1 күндүк чыгымы — 23,5 миң доллар (видео)

760

Чек арада кезек күткөн айдоочулардын ар бири күнүнө 100 долларга чыгым болууда. Ал эми машинадагы товардын ээси канча зыян тартып жатканы азырынча эсептелине элек. Ишкерлердин айтымында, бир эле компаниянын чыгымы 6 миллион сомго чукулдаган. Чек арада көзөмөл күчөтүлгөнү жергиликтүү базарларда дагы сооданы солгундатты. Алсак, Дордойдо соода 70 пайызга чейин токтоду. Бул жакка Россия жана Казакстандан алып сатарлар келбей калган. Так сезон учурунда иштин токтогонуна байланыштуу, бизнес коомчулугу кредит төлөөнүн мөөнөтүн узартууну жана салыктан, социалдык милдеттемелерден бошотууну суранышты.