Кезек күтүү машакаты жок, тез жана ыңгайлуу шарттар (видео)

513

«Дордой Плаза 2» соода борборунда жайгашкан «Фрунзе Гурме» гипермаркетинде кардар өзүн-өзү тейлей ала турган заманбап жаңы кассалар ачылды. Азырынча анда банктык карталар менен гана сатып алуу жүргүзүү мүмкүн.

Ал үчүн кардар алган товарын атайын сканерлоодон гана өткөрүп коюсу зарыл. Бул аппарат ошондой эле белекке берилген сертификаттар менен бонустук карталарды да кабыл алат.