KG номурларды кайтаруу боюнча депутаттар эмне дейт? (видео)

998

Жолдо жүрүүдө депутат жөнөкөй айдоочудан айырмаланышы керекпи? Депутаттардын унааларга KG сериясындагы номурларды кайтаруу демилгеси нараазычылыктарды күчөттү. Эл өкүлдөрү минген машинасы же ага тагылган өзгөчө белги менен эмес, иши менен элге таанылышы керек. Кечээ Тазабек Икрамов шайлоочулар депутаттардын келгенин билиш үчүн KG-номур тагуу зарыл болуп жатканын билдирген. Айрым парламентарийлер кесиптешинин мындай сунушун артка кайтуу деп баалашууда. Бирок мындай артыкчылыктардан баш тарткысы келбеген депутаттар да бар. Алар KG номурларын гана эмес, кызматтык унааларды да кайтаруу керек деп эсептешет.