Кичи ажылыкка барып келгендер текшерилүүдө (видео)

2132

Коронавирус илдети аныкталар менен Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилип, карантинге алынган 3 айылга блок-посттор орнотулду. Аталган аймактарга кирип чыгууга чектөө коюлуп, сырттан келгендер артка кайтарылууда.

Жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, стратегиялык объектилерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объектилерди коргоо жана унаалардын ишин көзөмөлдөө күчөтүлдү. Ал арада, жаңы типтеги вирус табылган жарандар менен кичи ажылыкка чогуу барып келгендер аныкталып, обсервацияга алына башташты. Алар өлкөнүн алты областынын тургундары экен.