Киев көчөсүнө Элмирбек Иманалиевдин ысымы берилиши мүмкүн (видео)

3909

Бишкек шаардык кеңеш менен калаа мэриясы макулдук берсе, Киев көчөсүнө Кыргыз Эл артисти, төкмө акын маркум Элмирбек Иманалиевдин ысымы берилиши мүмкүн. Мындай сунуш менен залкардын достору кайрылышкан. Бирок мыйзамдуу жагын алып караганда белгилүү инсандын ысымы көзү өткөндөн беш жылдан кийин гана берилет экен.

Ошол эле убакта ордо калаада көчө жана райондордун аталыштарын 2023-жылга чейин өзгөртүүгө тыюу салынган. Бирок ал талап кээде аткарылбай эле келет. Буга чейин шаардык депутаттар Шабдан баатыр көчөсүн 7- апрель кылып өзгөртүшкөн.