Киевде парламент депутаты Надежда Савченко камакка алынды

872

Киевде кечээ мамлекеттик төңкөрүш даярдоого катышкан деген шек менен элдик депутат Надежда Савченко кармалды. Бейшембиде украин парламенти көпчүлүк добуш менен Савченкону кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун өтүнүчүн колдогон.

Жогорку Рададагы добуш берүүдөн кийин мурдагы учкуч Надежда Савченко имарат алдына топтолгон тарапташтары жана туугандары менен жолугуп, кайра парламентке кирээри менен дароо камакка алынды.

Өлкөнүн башкы прокурору Юрий Луценконун айтымында, Надежда Савченко буга чейин камакка алынган «Офицердик корпус» аттуу уюмдун жетекчиси Владимир Рубан менен бирге аракет көргөн. Аларга «кутум уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн», «теракт уюштурууга даярданышкан», «Украинанын жогорку бийлик өкүлдөрүнө, анын ичинде президенттин өмүрүнө кол салууну көздөшкөн, «Донецк элдик республикасы» террордук уюмунун ишмердүүлүгүнө көмөктөшкөн», мыйзамсыз куралды сактап жана экинчи тараптарга өткөрүп беришкен, деген сыяктуу кине тагылды.

Савченко депутаттар тарабынан айтылган далилдерди «саясий чагым» жана «сюрреализм» деп атап, болгону бийликти коркутуп коюуну гана көздөгөнүн билдирди. Ал «теракт уюштуруу менен саясий провокация жаратып, бийликке анын түбөлүк эмес экенин» көрсөткүсү келгенин айтууда. Депутат ошондой эле куралды козголоңчулардан мыйзамсыз сатып алып турганын мойнуна алып, мындай кадамга «Донбасстагы согушту кандай гана жол менен болбосун токтотуу» үчүн барганын кошумчалады. «Эки тараптагы укриналыктар тең тынчтыкты каалашат» – деди Савченко.

Жогорку Рададагы талкууда сөз сүйлөгөн «Петр Порошенконун блогу» фракциясынын лидери Артур Герасимов мурдагы учкучтун пландары «Орусия Украинага каршы жүргүзүп жаткан гибриддик согуштун» бир бөлүгү деп айтты. Ал эми баш прокурор Юрий Луценко майнапсыз бийликти төңкөрүү аракетинин артында орус президенти Владимир Путиндин өкүл баласы, «Украин тандоосу — элдин тандоосу» кыймылынын лидери Виктор Медведчук турушу ыктымал экенин кыйытты.