Киевде сот Михаил Саакашвилини камоодон баш тартты

843

Киевде сот Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилини үй камагына алуудан баш тартты. Мындай жол менен прокуратуранын доо арызы четке кагылып, саясатчы бошотулду.

Украина бийлиги Саакашвилини «мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын кылмыштарын жашырган» деп айыптап жатат. Саакашвили бул дооматтарды четке какты.

Грузиянын мурдагы президентинин тарапташтары 17-декабрда Киевде митинг өткөрүшөрүн билдиришүүдө. Михаил Саакашвили Киевде 8-декабрдын кечинде кармалып, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.