Кийим тигүүчү цех, наабайкана, жаңыланган бала бакча (видео)

1239

Кийим тигүүчү цех, наабайкана, жаңыланган бала бакча. Мындай иштер Талас областынын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында жасалды. Буга чейин миграцияда жүргөн же болбосо жумушу жок үйдө отурган айымдар жаңы ачылган ишканаларда эмгектенип жатышат.

Мындай мүмкүнчүлүктөрдү «Бакубат Талас» фонду түзүп берген. Аталган уюм түптөлгөн күндөн тарта элет элине, жергиликтүү ишкерлерге жардам берип келет. Ал эми компаниядан колдоо тапкан ишкерлер өз кезегинде башкаларга жардам берип, ички миграциянын агымын кыскартуу аракеттери көрүлүүдө.