Кийинки жылдан тарта айрым жолдорго акы алына башташы мүмкүн

803

Кыргызстанда кийинки жылдан тарта айрым жолдорго акы алына башташы мүмкүн. Учурда бул багыттагы документтерди шайкеш келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, акы алынуучу трассаларга Кубакы – Кочкор өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирген альтернативдүү жолу кирет. Бишкек-Токмок айланма жолун да ушул категорияга киргизүү жагы каралууда, дейт министр.

Бюджетке каражат түшүрүү максатында акы алынчу жолдорду 2025-жылга чейин 500 чакырымга жеткирүү пландалып жатат. Учурда Кыргызстандагы жолдордун баары бекер.