“Киллер судья” деген лакап ат кимге таандык? (видео)

1197

Жогорку соттун жаңы шайланган судьялары парламентте ант берди. Президент тарабынан бул кызматка сунушталган 5 талапкердин экөөнү гана депутаттар колдошту. Алар — Нургуль Бакирова жана Кыдык Жунушбаев. Ал эми Айдарбек Алымкулов, Дамира Орозова жана Ирина Воронцовага эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү каршы добуш беришти. Алгач парламентте Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди тандоо маселеси каралып жатканда, алардын баарын өткөрбөй коюу сунушталган. Бирок бул демилге колдоо тапкан жок. Мыйзамга ылайык Жогорку соттун судьялары биринчи жолу шайланып жатса — жети жылга чейин иштейт.