Кимге добуш бергениң билинип калат деген — карандай калп (видео)

720

Жарандардын кимге добуш бергенин аныктоо эч мүмкүн эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы жана активисттер жарандарды эч коркпостон өздөрү каалаган талапкерге добуш берүүгө чакырышууда. Себеби коомчулукта кимдир бирөөлөр ким кайсы талапкерге добуш бергенин аныктоо оңой, деп жалган маалымат таратып, коркутуу болуп жатат. Добуш берүү купуялуулугу мыйзамда так бекитилген жана жарандардын кимге добуш бергенин аныктоо техникалык жактан да таптакыр мүмкүн эмес. Кабиналарда эч кандай видео байкоо жүргүзүлбөйт жана белги коюлган бюллетенди сүрөткө тартып алууга уруксат берилбейт. Шайлоо баракчасын байкоочулар, шайлоо участогунун өкүлдөрү же дагы башка тарап текшерүүсүнө мыйзам жол бербейт.