Кино корифейлеринин кол тамгасы «Ардак аллеясында» (видео)

960

«Кыргыз кереметин» негиздеп, өлкөнүн атын алыска чыгаргандардын кол тамгасы түшүрүлгөн «Ардак аллеясы» ачылды. Анда белгилүү режиссер Геннадий Базаров, Болот Шамшиев жана кинооператор Нуртай Борбиевтердин тактасы коюлган. Иш-чара кыргыз киносунун корифейлери, жаш актер-режиссерлордун катышуусунда өттү. 1941-жылдан тарта, 17-ноябрь кыргыз киносунун жаралган күнү деп белгиленип келет. Ал убактан бери көптөгөн көркөм тасмалар экрандаштырылып, классикага айланды.