Кинофестивалда 29 кыска метраждуу фильм ат салышууда (видео)

722

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн бир гана кыргызстандыктар эмес, чет элдик киножаратуучулар дагы белгилешүүдө. Жылда ушул күнү «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» аталышындагы эл аралык кинофестиваль өткөрүлөт. Бүгүн да анын ачылышы болду. Үч күнгө созулчу иш-чарада КМШ, Балтика жана Грузия режиссерлорунун тандалып алынган эмгектери көрсөтүлөт. Быйылкы фестивалда баш-аягы 29 кыска метраждуу фильм ат салышууда. Катышуучулардын жаш курагына жана тасманын жанрларына чектөөлөр киргизилген эмес. Эл аралык фестиваль — 15-декабрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталат.