Кинорежиссер Болот Шамшиев акыркы сапарга узатылды (видео)

3368

Белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев акыркы сапарга узатылды. Коштошуу зыйнаты Опера жана балет театрында болуп өттү. Ага режиссердун жакын санаалаштары, президенттин аппаратынын жетекчиси, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары келип, коштошуу сөзүн сүйлөштү.

78 жашында дүйнө салган Болот Шамшиев «Ала-Арча» көрүстөнүнө, атасы акын-журналист Төлөн Шамшиевдин жанына жерге берилди. Маркумга мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков да топурак салды.