Киношок-2018: кыргызстандык киночулардын 4 тасмасы сыйлыкка ээ болду

800

Кино сүйүүчүлөрү үчүн жагымдуу кабар! Россиянын Анапа шаарында өткөн «Киношок-2018» фестивалында кыргызстандык киночулардын 4 тасмасы сыйлыкка ээ болду. «Эң мыкты сценарий» номинациясындагы баш байге Таалайбек Кулмендиевдин «Мунабия» фильмине ыйгарылды.

Ал эми режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасына эң мыкты операторлук иш жана мыкты музыка үчүн байгелер берилди. Ошондой эле, кыска метраждуу фильмдер арасынан Аскар Нуракун уулунун «Киноман» тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына татыса, Токтобек Үсөновдун «Аялга татыксыз түйшүк» аттуу даректуу тасмасы атайын диплом менен сыйланды.

1992-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан «Киношок-2018» фестивалында Шериктештик жана Балтика өлкөлөрүнөн тасмалар сыналат. Быйыл ага 60тан ашуун фильм катышкан.