Киреше, мүлктү текшерүү күчөтүлөт (видео)

623

Эми мамлекеттик кызматкерлер жана алардын жакын туугандары салык кызматына кирешеси менен чыгашасынын декларациясын тапшырууга милдеттүү болушат. Учурда өкмөт тарабынан тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип, документ коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, күмөндүү жагдай жаралса аткаминерден тышкары, анын жакын туугандарынын дагы мүлкүн текшерүүгө жол ачылат.

Андан тышкары, көзөмөлгө алына турган туугардардын тизмеси да кеңейтилгени жатат. Эксперттердин пикиринде, бул аракеттер ишке ашса, мыйзамсыз кирешени адалдоого же жашырууга кыйын болуп калат. Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоору мурдагысынан эмнеси менен айрымаланат?