Киши колдуу болгон Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шектүүлөр аныкталды

690

Россиянын Екатеринбург шаарында киши колдуу болгон кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу «Аргументы и Факты-Урал» маалымат агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Анда белгиленгендей, полиция бул тууралуу маалыматты тастыктаган да, төгүнгө да чыгарган эмес.

Эске салсак, Камчыбек Каримовду 2-июль күнү күндүзгү саат 16.00 чамасында өзү жашаган үйдүн жанында атып кетишкен. Кылмышкерлер маркумдун сумкасынан акчасын алып, из жашырышкан. Полиция кол салуу «карактоо» максатында болгон деп боолголоп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.