Китеп окуп, батир утуп ал (видео)

1937

«Илимдүүнү ийгилик издейт!». Дал ушундай аталыштагы конкурс жарыяланды. Эң негизги талап — китеп окуп, жан дүйнөнү байытуу. Сынактын сыйлыгына батир коюлган. Иш-чаранын негизги максаты калкты китеп окуп, руханий байлыгын арттырууга үндөө. Себеби акыркы учурларда китепканалар окурмандары жок бош турганы байкалууда.

Буга элдин көнүлкоштугу жана аталган жайлар заман талабына жараша жаңы окуу куралдары менен камсыздалбаганы себеп катары айтылып келет. Коомчулукту китеп окутууга болгон аракеттен майнап чыгабы?